Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.01.2020 09:22

Ысык-Көлдө оор жүк ташуучу унаалар кагышып, 2 киши каза болуп, 2 адам жаракат алды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында оор жүк ташуучу унаалар кагышып, 2 киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Балыкчы–Каракол унаа жолунун 55-чакырымында болгон. Жолдо «КамАЗ» жана «МАН» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кагышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен «КамАЗдын» кабинасы күйүп, 2 эркек киши каза болуп, дагы 2 адам жабыр тартты. Мерт болгондордун жансыз денелери ИИМ кызматкерлерине тапшырылды. Жаракат алгандарды тез жардам кызматы алып кеткен. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×