Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.01.2020 18:17 На русском

Караколдук спортчулар Өзбекстанда өткөн мелдеште байгелүү орундарды ээлешти

Turmush -  Өзбекстандын Бухара шаарында 10-11-январь күндөрү дүйнө чемпиону, эл аралык даражадагы спорт чебери Б.Турдиевдин урматына арналган самбо боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу машыктыруучу Кулунбек Эстебесов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Каракол шаарынан 5 спортчу барган. Алардын ичинен эки спортчу Кыргызстанга жеңиш менен кайтты.

«Мелдешке Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын спортчулары катышты. Жыйынтыгында Каракол шаарынын тургуну Куттубай Муканов 56 кг салмакта 2-орунду ээледи. Ал эми Кимал Оболбеков 42 кг салмакта 1-орунду багындырды», - деди Кулунбек Эстебесов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×