Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.01.2020 09:15

Жети-Өгүздө өспүрүмдөр арасында Куран жарыш өттү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында өспүрүмдөр арасында Куран жарыш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынакты өткөрүүгө райондук администарция тарабынан 25 миң сом бөлүнгөн. Райондук борбордук мечитте өткөн бул сынакка жалпы 7 жаштан 15 жашка чейинки 48 өспүрүм катышты.

Жыйынтыгында 1-орун үчүн 7 миң сомдук велосипед, 2-орунга 3500 сомдук электрондук Куран китеп, 3-орунга эки өспүрүмгө 2000 сомдон, 4-орунга эки балага 1500 сомдон, 5-орунга эки балага 1 000 сомдон берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×