Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.01.2020 18:02

Сүрөт — Ысык-Көлдөгү фостердик үй-бүлө

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылындагы фостердик үй-бүлөдө төрт бала тарбияланып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

52 жаштагы Бурул Исраилованын айтымында, балдар турмуштун оор кырдаалына кабылышкан.

«Жолдошум Эркин менен 5 баланы тарбиялап өстүрдүк. Кыздарыбызды турмушка узаттык, уулубуз Бишкекте окуп жатат. Алгач бала асырап алууну ойлодук. Бирок биринчи окуудан өтүүнү чечтик. Жыйынтыгында сертификат алдык. Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери менен кеңешип, эки баланы багууга алдык. Бири 3-класста, экинчиси 9-класста окуп жатат. Экөө бир тууган. 3-класста окуган Данил келечекте президент болом дейт. Биз алардын сапаттуу билим алышына аракет кылабыз», - дейт ал.

Мындан кийин алар дагы эки кызды камкордукка алышкан.

«Бала – бакыт. Биздин үй-бүлөгө бир уул жана үч кыз кошулду. Жолдошум экөөбүз алардын келечегине кам көрүүгө, сапаттуу билим берүүгө жана бутунан тургузууга аракет жумшайбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×