Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.01.2020 17:24 Жаңыланды: 13.01.2020 18:20

Ысык-Көлдө мас айдоочу жол кырсыкка кабылып, эки аял жабыркады. Видео

ДТП в селе Темир
ДТП в селе Темир
// Очевидцы

Turmush -  Ысык-Көл районунда мас айдоочу жол кырсыкка кабылып, эки аял жабыркады. Жол кырсык болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга тараган.

Жол кырсык катталганын облустук ЖККК бөлүмүнөн тастыктап, кырсык 2019-жылдын 31-декабрында саат 16:30 чамасында Ысык-Көл районунун Темир айылында болгонун маалымдады. Темир айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.Т. «Хонда-Одиссей» унаасы менен бара жатып, ушул эле айылдын 1975-жылы туулган тургуну С.Т. башкарып бара жаткан «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн.

Жол кырсыктан жаракат алган «Ауди» унаасынын жүргүнчүлөрү — Темир айылынын 1974-жылы туулган тургуну Ч.Н. (аял киши) жана 1984-жылы туулган Т.Р. (аял киши) ооруканага кайрылып, жардам алышкан.

«Хонда Одиссей» унаасынын айдоочусу спирт ичимдигин ичкени аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×