Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.01.2020 14:37

Караколду гүл менен камсыз кылган күнөскана жаңыланды

Turmush -  Каракол шаарында жылына 15 миңдей гүл өстүрүлгөн күнөскана 190 миң сомго оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу жашылдандыруу ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, күнөскана 2018-жылы жасалган. Ал целлофан менен капталгандыктан анын эскилиги жеткен.

«Күнөскана эми поликарбонат материалы менен жабылып, жылуу пол орнотулду. Жылына 25 миңдей түп гүл өстүрүлөт. Андан 15 миңдей гүл жарактуу болуп, шаардын гүл бакчаларына берилет», - дейт жетекчиси Э.Жумаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×