Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 13.01.2020 12:55 На русском

Чоңойгуча сөйкө тагынган 96 жаштагы ардагер Сабыр атанын кызыктуу окуялары

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп району боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен үчөө гана — Сабыр Жайылканов, Кадырбай Абдыкалыков жана Николай Кухливский калды. Аларды райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыл Алдаяров жаңы жыл майрамы менен куттуктап барды.

Талды-Суу айылынын 96 жаштагы тургуну Сабыр атанын үйүнө барганда ал И.В.Сталиндин статуэткасын кармап отурганын көрдүк. «Ушул адам болбосо жеңишке жетпейт болчубуз», - дейт ал.

Бул статуэтканы жумуш менен 1960-жылы Киев шаарына барганда ала келген. Ошондон бери сактап келет.

«Ден соолуктарыңыз кандай?» деген суроого ардагер: «Тигине, Тенти Тамашаев 100гө чыкпай каза болуп калды. Кадырбай экөөбүз эле калдык. Кулак укпагандан кийин, көрүнгөндүн оозун карай бербей кете берсек жакшы болор эле», - деп жооп берди.

Талды-Сууда төрөлгөн Сабыр атанын жаш кези Тепке айылындагы Осмонбек таякесинин үйүндө өткөн. Таякеси Осмонбек 1930-жылы кулакка тартылып, Украинага айдалып кетиши кийин Сабыр атанын турмушуна көп таасир эткен.

Сабыр ата төрөлө электе энеси 11 бала төрөп, балдары өлүп отуруп, жалгыз кызы калат. Ошондо энеси жолдошуна «сенден тукум калбай калмак болду» деп, кайтыш болгон кайын инисинин аялын — өзүнүн абысынын токол кылып алып берет. Экинчи аялы 2 уул, 2 кыз төрөп бергенден кийин Сабыр ата төрөлөт. Ошондо ырым кылып, киндигин кошунасынын кызына кестиришкен. Элге кыз төрөлдү деп, кулагына сөйкө салышкан. Сабыр ата сөйкөнү качан чоңоюп, 1-класска барганда гана чечкен. Анын 2 агасы фронтко кетип, кайтпай калган.

Сабыр ата 9-класста окуп жатканда, 1940-1941-жылдары атайын комиссиянын чечими менен Караколдогу 2 жылдык мугалимдер институтуна кабыл алынат. Бир жыл окугандан кийин Таласка мугалимдикке жиберилет. Ал жактан Көгарт, Арал айылдарында мугалим болуп эмгектенген. Таласта иштеп жүрүп, 1942-жылдын акырында аскер комиссариатына чакырылып, каттоого турат. Бир нече күн жөө жалаңдап Түпкө келип, 1943-жылдын 10-январында армияга чакырылат. Өзбекстандын Самарканд шаарында аскер бөлүгүндө согушка даярданып жатканда ооруп калат. 2 ай дарыланып, айыккандан кийин үйүнө келген. 3 ай өткөндөн кийин армияга кайра чакырылат, бирок резервде туруп, өкмөттүн буйругу менен мугалимдик кесипке жөнөтүлөт. Баягы институтта алган билими менен алыскы айылдарда мугалим, директор жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Мамлекеттин саясаты болуп, билимдүүлөрдүн билимин жогорулатуу боюнча атайын комиссия жиберген жолдомо менен 1950-жылы Ташкенттен окуп, «Экономист труда, руководитель профсоюза» кесибине ээ болот. Ошол жактан түз эле Тянь-Шань облусуна жиберип, 4 жыл облустук билим берүү бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген. 1944-жылы Дүрдөкан энеге үйлөнгөн. Компартиянын тартибинин күчтүүлүгүн бил, Ташкентте окуганда, андан кийин 4 жыл облОНОнун башчысы болуп иштеп жүргөндө Дүрдөкан эне Сабыр атанын ата-энесин багып турган. «Аялым кетип калганы жатат» деген шылтоону бетине кармап, Сабыр ата эптеп Тянь-Шань облусунан бошоп келгенден кийин Каракол педагогикалык институтунда бир жыл директор, Түп райком партиясында бөлүм башчы, Талды-Суу колхозунда башкарманын биринчи орун басары, парткомдун катчысы болуп эмгектенген. Байбичеси Дүрдөкан 8 бала төрөп, 61 жашында катуу оорудан каза болгон.

Улуу баласы Рыскелди 71 жашка чыгып каза болгондо 92 жаштагы Сабыр атага катуу таасир эткен. Андан кийин 5 кыздуу болгон. Алар очор-бачар болушкан. Уулу Рахатбек жогорку билимдүү, токойчу. Сабыр ата кичүү баласы, мугалим Бакытбектин үй-бүлөсүнүн багуусунда.

55 чөбөрө, 3 кыбыраны көргөн Сабыр ата кыргыздын баалуулугу жөнүндө: «Кыргыз эли эң байыркы эл. Өтө сыйкор, меймандос, адамгерчиликтүү, токпейил, чыдамкай, күжүрмөн жана боорукер эл. Ушул кезде биздин элдин бир чоң кемчилиги — ысырапкорчулук. Өлүк чыккан жерде той берилгендей болуп, бир нече мал союлат жана дагы тойлордогу ашык чыгымдар кудайга жакпайт», - деп айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×