Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.01.2020 21:45

Айыл турмушу: Элеттик дарыгер М.Арымбаев үй шартында да адамдарга жардам берип, соопчулук кылууда (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районун Теплоключенка айылы нын 28 жаштагы тургуну Максат Арымбаев облустук бириккен оорукананын Ак-Суу балдар реабилитациялык борборунда укалоо жасап иштеп жатат. Аймактык кабарчы дарыгерден кабар алды.

Анын айтымында, 2009-жылы Теплоключенка айылындагы М.Мамакеев атындагы орто мектепти аяктагандан киийн Каракол шаарындагы медициналык колледжден фельдшердик кесипке ээ болуп чыккан. Андан соӊ 2012-жылы укалоо ЛФК (лечебная физическая культура) боюнча Бишкек шаарынан кошумча билим алып, 2013-жыдан тарта Ак-Суу районундагы балдар реабилитациялык борборунда иштеп келе жатат.

«2013-жылы баштап Ак-Суу районундагы балдардын реабилитациялык борборунда иштеп келе жатам. Ортодо 2-3 жылдай тыныгуу болуп, башка жумушта иштеп жүрдүм. Анан кайра эле бул жакка келип, кесибимди улантып жатам. Бул жакка көбүнчө тубаса шал оорусунан жабыркаган балдар жылына 2 ирет келип дарыланып кетишет. Табигый дарылык касиети бар сууга түшүп, дарыланган соӊ балдардын бириккен сөөктөрү, булчуӊдары жумшарып, үчүнчү баскыч катары дарылоо максатындагы укалоо жасалат. Бул процедурага физикалык күчтү талап кылат. Биздин жамааттын негизги максаты өз алдынча кыймылдай албаган балдарды кыймылга келтирип, таяк менен бастырып, бутуна тургузуу болуп саналат. 5-6 жылдык тажрыйбамдан кийин азыр жумушуман сырткары үй шатында да жумушумду улантам. Ар кандай кырсыкка учурап, буту-колун чыгарып алган же бел омурткаларын кокустатып алгандарга да көмөк көргөзүп, соопчулук иштерди жасоого аракет кылып жатам», - деди ал.

Дарыгер айына 10 миӊ сомго жетпеген маяна алып, интернет тартпаган аймакта иштегенине сыймыктанат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×