Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.01.2020 13:12

Жети-Өгүз районунда турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга белектер тапшырылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга белектер тапшырылды. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева билдирди.

Анын айтымында, Аймактарды өнүктүрүү жана балдарды коргоо жылынын алкагында райондо турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга психологиялык жардам жана белектер берилди. Ага улай балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча пландар кабыл алынып, аны ишке ашыруу боюнча кеңешме өттү. Ага эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен келген адистер жана райондо иштеп жаткан пилоттук долбоордун эксперттери катышты. Жети-Өгүз районунда фостердик 4 үй-бүлөдө 10 бала багылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×