Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.01.2020 16:00

Жети-Өгүздөгү жигиттер маркум классташтарынын жаркын элесине арнап спорттук мелдеш өткөрүштү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылында 1997-жылкы классташтар маркум досторунун жаркын элесине арнап спорттук мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Жети-Өгүз райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн инструктору Сагынбек Жумаев маалымдады.

Анын айтымында, кырсыктан каза болгон Актилек Садырбеков менен Мелис уулу Азизбектин жаркын элесине арналып күрөш жана волейбол оюндары уюштурулду. Ага Ысык-Көл облусунан 16 команда, 150дөн ашуун оюнчу келди. Жигиттер ортого каражат топтоп, каза болгон классташтарынын ысымын медалга жазып, байге фондусун толукташкан. Мелдеште жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, кубок, медалдар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×