Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 10.01.2020 17:13

Меценат М.Исагалиев Чолпон-Атада гемодиализ борборун ачты. Сүрөт

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында меценат Мирлан Исагалиевдин жардамы менен гемодиализ борбору ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бүгүн, 10-январда өткөн расмий ачылышка өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова, райондун акими Данир Иманалиев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Маалым болгондой, борборго беш аппарат коюлган. Облус боюнча бөйрөк оорусунан жабыркаган 80ден ашык адам гемодиализ алса, анын ичинен 32 адам Ысык-Көл районунда жашайт.

Мирлан Исагалиев 2017-жылы Балыкчы шаарында дагы гемодиализ борборун ачкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×