Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.01.2020 16:15 На русском

Кумтөрдө жоголгон эки кызматкерди издеген жерде жаназа окулду. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Кумтөр алтын кенинин аймагында жоголгон эки адамды издөө иштери жүргүзүлүп жаткан жерде жаназа намазы окулду.

Буга чейин АКИpress ӨКМге шилтеме берүү менен эки кызматкерди издөө иштери 9-январда токтотулганын жана туугандарынан уруксат алынганын маалымдаган. Издөө иштери бир айдан ашык убакыттан бери жүргүзүлүп жаткан.

2019-жылдын 1-декабрь күнү аталган аймакта жер көчкү жүргөн. Ошол эле күнү саат 5:00 чамасында ишкананын 2 кызматкери дайынсыз жоголгон. Издөө иштеринин жүрүшүндө эки унаа табылган.

Жоголгон кызматкердин бири И.Өмүрбек 1984-жылдын 17-июнунда туулган (35 жашта). Тоо кен иштеринин мастери. Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери иштейт. Бишкек шаарынын тургуну.

Экинчи кызматкер Ж.Жолдошбек 1972-жылы 14-июлунда туулган (47 жашта). Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери эмгектенет. Тоң районунун Темир-Канат айылынын тургуну.

Адистердин айтымында, көчкүнүн болжолдуу көлөмү 12 млн 497 миң кубду түзгөн.

Эки кызматкер жоголгон жердин картасы

Схема участка месторождения «Кумтор», где сошел оползень с отвала.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×