Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.01.2020 12:51

Таалай Исаев Ысык-Көлдөгү милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси болду

Талайбек Исаев
Талайбек Исаев

Turmush -  Исаев Таалай Мелисович Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ысык-Көл облусундагы жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 10-январда аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дайындоо өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аталган облустагы башкармалыгынын жамаатынын сунушу менен болду.

Исаев Талайбек Каракол шаарында төрөлгөн. 12 жыл Ысык-Көлдөгү милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда иштеген.

Буга чейин аталган кызматка дайындалган Камчыбек уулу Курбанбек өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анын кетишине Ысык-Көлдүн коомчулугунун нааразычылыгы себеп болгон.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, Камчыбек уулу Курбанбек бул кызматта 10 күн гана иштеди. Ал 8-январда коомчулукка тааныштырылып, анын жетекчи болушуна каршы болгондор чыккан. Мындан улам К.Камчыбек уулу ишин өткөрүп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×