Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 10.01.2020 12:07

Трактордун ичинде төрөлүп, учурда жолчу болуп иштеп жаткан Мирбектин кызыктары

Turmush -  Түп районунун Каркыра өрөөнүнө караштуу Санташ айылында жашап жана иштеп жаткан Мирбек Абышов 1984-жылы жолчу Кадырбек Абышовдун тракторунда төрөлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бала кезинен бери Кадырбектин тракторунан түшпөй, Түп—Кеген жолун тазалап келген жолчу Мирбек катардагы жол күрөгөн тракторчудан баштап, атасы каза болгондон кийин Талды-Суу №4 жол тейлөө ишканасынын Каркыра өрөөнүндө жол мастери болуп эмгектенип келе жатат. Учурда Санташ айылдык кеңешинин депутаты.

65 жаштагы энеси Турсун Абышова Мирбектин төрөлгөнү жөнүндө айтып жатып: «Анда биз Чар-Кудукта, башкача айтканда Каркыранын төрүндө жашачубуз. Кадырбек трактордун айдоочусу эле. Бир түнү ичим ооруй баштады. Андагы 3-фермага, азыркы Санташ айылына, эптеп ФАПка жетели деп трактор менен жолго чыктык. Жолдо карата Кадырбек кар күрөп келе жатты. Күрөбөсө жолдон чыгып, аң-чөңгө түшүп кетчүдөйбүз. Санташка жакын калганда толгом күчөй баштады. Жолдо карата 20 чакырымдан ашык жолду күрөп жеткиче таң да атайын деп калыптыр. Айылга 150-200 метр калганда такыр чыдабай калдым. Кадырбек кыйкырган боюнча айылга догдурга чуркап кетти. Бат эле жетип келишти, бирок бала трактордун ичине түшүп калган эле. Андагы "ДТ-75" трактору азыркы "Жигулидей" эле», - деди.

Мирбек андан кийин 5 бир туугандуу болгон. Өмүр деген иниси экөө тең №4 жол тейлөө ишканасында эмгектенишет. Мирбек атасы Кадырбек каза болгондон кийин жол мастери болсо, тракторун инисине өткөрүп берген. Мирбектин мурунку никесинен Салават аттуу уулу Санташ айылында 4-класста окуп жатат. Ал 2018-жылы Айжанат Өзүбековага үйлөнүп, 2019-жылы Зайнап аттуу кыздуу болушкан.

Депутат катары эмне иш аткарып жатканын сурасак, Мирбек: «Айылда 9 класстык мектеп бар. Кабелдик интернет айылга жетти. Уюлдук байланышыбыз бар болгону менен начар иштейт. Көчөлөргө жарык тартылган. Элдин талабы болгон таза суу жок, анан мечит салдыруу жана да мүнөт сайын милдетим болгон Түп—Кеген жолун дайыма ачып, тазалап туруу. Маркум Кадырбек атам "жолу ачыктын келечеги кең болот" дегендей, жолдо жүргөндөрдүн жолу ачык болуп турушу үчүн иштөөнү кесиптештерим Асхат, Кубан, Нургазы жана иним Өмүр үй-бүлөлөрүбүз менен ыйык милдет кылып алганбыз», - деп жооп берди.

Ошондой эле ал жолго байланыштуу кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Сары-Жазга мергенчиликке бара жатышыптыр, 2 жол тандабас менен. Биздин кар аларды уруп койчу беле. Эки баштын жанына жетип эле бирөөсү сайылды. Экинчиси сүйрөйм деп, ал дагы тыгылды. Тишине чейин куралданган экөө мага келишти. «Ким жетекчи?! Бизди жолго чыгарып койгула» дешти. Аңгыча үрүп чыккан итти атып салышты. Жердин, жолдун шартын жакшы билген биз «2-3 күнгө чейин барбай тургула, андан кийин ай арасы өтөт, анан бара берсеңер болот» дедик. Булардын тилин албасаң, адамга деле зыян кылып койчудай көрүнөт. Анын үстүнө союз тарагандан бери техникаларыбыздын абалы азыркыдай эмес эле. Кыскасы жол ачып, аларды сүйрөп, Чар-Кудукка жеткирип, кайра келгиче арадан 5 күн өтүп кетти. Бул жакта жолдор тазаланбай, эл ызы-чуу болуп жатыптыр. Алар бир жумадан кийин бир унаасын Сары-Жазга таштап, бир машина менен өлөрүн самап көлгө кетишти.

Дагы бир жолу Казакстанга соода кылып эки жеңил унаа бара жатканынан аларды токтотуп, «бир күн биздикине конгулачы, жолдо каласыңар» дедик. Алар «Күн чайыттай тийип турса, силердин арам оюңарды билип турабыз» деп жолго чыгышты. 4 сааттан кийин Кутурган-Булакта тыгылып жатат деген кабар келди. Бир түн түнөсүн дедик, бирок адамдык абийирибиз ага жол берген жок. Бул өзү ашык чыгым экенин көбү эле биле беришпейт. Майрам күндөрү чек арачы, милиция, оорукана сыяктуу эс алууну билбей иштегендердин катарына биз да киребиз», - деди Мирбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×