Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 09.01.2020 20:20

Чолпон-Атадагы окуучулар кышкы каникулду кандай өткөрүп жатышат?

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы окуучулар кышкы каникулду муз аянтчада өткөрүп жатышат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургун Азат Каратаевдин айтымында, көлдүн жээгине жакын жайгашкан көлмө кышкысын тоңуп калат.

«Бул жерде акыркы 3 жылдан бери муз аянтчасы ачылат. Муздун калыңдыгы 15-20 сантиметрди түзөт. Ал эми балдар муздун калыңдыгы 1,5-2 метрди түзгөн жерде муз тебишет. Ошондуктан эч кандай кооптуулук жок. Аларды ата-энелери көзөмөлдөп, өздөрү дагы чана жана коньки тебишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×