Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.01.2020 16:06 На русском

Караколдо күйөөсү өрттөп жиберген аял окуянын чоо-жайын айтты. Видео

Turmush -  Каракол шаарында жубайына бензин чачып, өрттөп жиберүүгө шектүү делип анын жарандык никедеги жолдошу кармалганын Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдаган.

Жабырлануучу Б.Сатина Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, Нурбек анын экинчи жолдошу.

«Биз 2017-жылы таанышканбыз. Ошондон бери чогуу жашайбыз. Бирок никеге турган эмеспиз. 2018-жылы ал эки досу менен муздаткыч уурдап, убактылуу кармоочу жайга түшүп калган. Анда милиция эскертүү менен чыгарган болчу. Бирок эскертүүнү эске албай, мага саям деп бычак көтөргөн. Ошондо мен арыз жазып, кайра камалган. Ал 2019-жылдын январь айында бошогон. Камактан чыкканда оңолду деп ойлогом. Жүрүм-туруму да жакшы болуп калган.

Мен Каракол шаарындагы базарда бирдик жүктөп иштечүмүн. Жумушка кеткен сайын кызгана берчү. Тапкан акчама ага тамак, кийим алып берчүмүн», - дейт жабырлануучу.

Анын айтымында, окуя 4-январда саат 16:20 чамасында болгон.

«Бир ай мурда ажырашканбыз. Мага талак берген. Бирок базарда арак ичип, мени кайтарып жүрө берчү. 2-январда келип, мен айылга кетип бара жатсам кичи автобуска кошо түшүп алды. Сөгүнүп, бетиме түкүрүп кетип калган. 3-январда дагы келиптир. Анда курбумду чакырганда, ал качып кетти. Анын жолдошуна "эртең өрттөп өлтүрөм" деп айтыптыр. Мен аны ушунчага барат деп ойлогон жокмун. Эртеси бирдик жүктөгөн будкада отурсам сыртымдан бекитип, бир литр бензинди чачкан соң, заматта өрттөп жиберди. Мен ал жерден чыгууга аракет кылдым. Бирок өрт каптап, кийип жүргөн юбкам бутума жабышты. Терезесинен чыгууга аракет кылып жатканда базардагы адамдар чыгарып калышты. Алар жардам берип, тез жардам чакырышты», - дейт ал.

Учурда ал Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланып жатат.

Кыргызстандагы кызыктуу видеолорду Aimak Akipress ютуб каналынан көрүңүз. Каналга катталыңыз

Травматолог Жолдошбек Мусановдун айтымында, жабырлануучу 4-январда саат 17:30 чамасында түшкөн.

«Бейтап 3-даражадагы күйүк алган. Бети, эки колу жана саны күйгөн. Учурда абалы орто. Медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Балким аутодермопластика керек болушу мүмкүн», - деди ал.

Буга чейин Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 4-январда саат 16:20 чамасында Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына Торгоев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанынан күйөөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жиберди деген маалымат телефон аркылуу түшкөн. Билдирүү боюнча милициянын тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн.

Жети-Өгүз районунун 33 жаштагы Б.С. (аял киши) аттуу тургунуна жарандык никедеги жолдошу — Ак-Суу районунун 35 жаштагы тургуну Ч.Н. бензин чачып, өрт коюп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткени аныкталган. Келин алган жаракатынан улам Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт Каракол ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктунун (бейбаштык менен киши өлтүрүүгө аракет көрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ал эми келиндин денесиндеги жаракатты аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Тергөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип Ч.Н. колго түшүрүлүп, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө уланууда.

Кылмышка шектүү

шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×