Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 09.01.2020 10:42 Жаңыланды: 09.01.2020 13:25

Өзгөчө ысымдуу Түптүн тургуну мал-жандыкка оор операцияларды жасайт

Turmush -  «Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Түп районунун Сары-Дөбө айылынын 57 жаштагы тургуну Танатар Огомбаев. Ал учурда Түп райондук ветеринардык жана фитосанитардык бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1962-жылдын 24-декабрында таӊга маал төрөлгөндүктөн ата-энеси ага Танатар деген ысым ыйгарышкан.

«Кыргызда ымыркай кайсыл учурда төрөлсө, ошого жараша ысым ыйгарган жөрөлгө бар эмеспи. Мен таӊга маал төрөлгөндүктөн Танатар деп уйкаштырып коюшуптур. Бул ысымым менен көп эле таанымал болдум. Танатар деген атты уккандар бир саамга ойлонуп, «таӊ атканда төрөлсөңүз керек» деп баамдап калышат», - деди ал.

Ал 30 жылдан бери мал доктур болуп иштеп келет.

«Мектепте 8-классты аяктагандан кийин Түптөгү айыл чарба техникумунда ветеринардык дарыгер кесиби боюнча билим алдым. Андан соӊ, 1982-1984-жылдары Кара-Деӊиз, Балтика флотунда аскерде кызмат өтөдүм. Армиядан келгенден кийин мал доктурлук кесип боюнча билимимди жогорулатуу максатында Орусиянын Омск шаарындагы медициналык институттун ветеринардык бөлүмүндө билим алдым. Кийин ошол жакта иштеп тажрыйба топтодум. Мен иштеген жылдар СССР чачырап, Кыргызстан көз карандысыздыкты алган учурга туура келди. 1993-1994-жылдары айлык берилбей, маянабыздын 50%ын арпа жана буудайга чегерип алчубуз. Акча албай иштегениме карабай, бул кесиптен баш тарткан жокмун», - деди Т.Огомбаев.

Ал ургаачы мал-жандыктарга айрым учурда оор операцияларды жасаганын белгилейт.

«Орусияда окуу жайды бүткөндөн кийин күчтүү жана тажрыйбалуу ветеринардык дарыгерлерден көп нерсени үйрөндүм. Ошол жерден биринчи жолу малдын туутуна 7 жолу операция жасап, кийин Кыгызстанда бул ыкманы 4-5 жолу колдондум. Ар бир мал-жандыктын мүнөзү ар башка. Мал арасында дагы адамдыкындай эле ар кандай ылаӊ болот. Ал гана эмес, чурку болгон учурду кезиктирип, операция жолу менен айыктыргам. Акыркы 10 жылда мал доктурларга жакшы көӊүл бурулуп калды. Эми бир гана тилегибиз хирургиялык — жабдыктар менен камсыздалсак ишибиз дагы жеӊилдемек», - деди Танатар Огомбаев.

Ал 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×