Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.01.2020 09:46

Ашууда ат менен бара жатып, келинди төрөтүп алган И.Дубанаеванын тажрыйбасы

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын тургуну Икен Дубанаева 46 жыл дарыгерлик кесипти аркалаган. Ардактуу эс алуудагы дарыгер менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1939-жылы Ак-Суу районунун Ак-Булуӊ айылында төрөлүп, ушул айылда өскөн. Мектепте окуп жүргөндө атасы ооруп, дарыгерлер оор операция жасашкан. Ошондон кийин дарыгер болууну кыялданып жүргөн. 1956-жылы Фрунзедеги медициналык институтка кабыл алынып, балдар дарыгери кесиби боюнча билим алган.

«Студент кезимде жолдошум менен баш кошуп, окуумду 1964-жылы аяктадым. Институтту бүткөндөн кийин Пржевальск шаарындагы (Каракол шаары) оорукананын балдар бөлүмүндө дарыгер болуп иштеп жүрүп, 1967-жылдары Тянь-Шань, Эӊилчек, Караколка (Ак-Шыйрак) сырт өрөөндөрүнө которулуп, чабандар үчүн кызмат өтөдүм. Ѳзүмдүн кесибим боюнча балдар дарыгери болсом дагы келиндердин төрөтүн кабыл алып, жашоочулардын саламаттыгына кам көрүүгө аракет кылдым.

Анда азыркыдай унаа, байланыш жок, ат менен жол жүрүп, рация менен иштечүбүз. 1968-жылдын октябрь айында Тянь-Шанда иштеп жүргөндө түн ичинде бир келин толготуп жатканы тууралуу кабар келди. Ѳзгөрүш деген айылга жаныма фельдшерди алып, дагы бир ат минген эркек киши менен бардык. Жолдон түнү менен ат минип, оорукананы көздөй келе жатканда келинди жолдон төрөтүүгө туура келди. Ошондо 8-Март деген кыштактын ашуусунан өтүп бара жатыптырбыз. Колубуздагы жука жуурканды жая салып, төрөттү кабыл алдык. Жаныбызда медициналык жабдыктар жок болгондуктан баланын киндигин устара менен кесип алдык. Ал эми келин кансырап, өлүп калбашы үчүн суунун боюндагы муздан алып, өзүмдүн жоолугумду чечип ороп, келиндин ичине басып, эне-баланын өмүрүн сактап калганбыз», - деди Икен Дубанаева.

Ал ошондой эле Ак-Суу районунун Эӊилчек сырт өрөөнүндө болгон окуяны да эскерди.

«1969-жылы Эӊилчек сырт өрөөнүнө которулуп, малчыларга медициналык тейлөө жүргүздүм. Ошол жылдары азыркыдай тез жардам же кадимки унаалар жок болчу. Биздин бөлүмгө бир келин толготуп жатканы боюнча кабар келди, жетип барганыбызда ымыркайдын колу сыртка чыгып калыптыр. Айлабыз кетип, Фрунзеге рация аркылуу кабарлашып, ал жактан учак жөнөтүштү. Анан операция жолу менен баланы алып, ымыркай чарчап калса дагы, эненин өмүрүн сактап калууга аракет кылдык», - деди дарыгер.

Ал 1970-1979-жылдары өзү туулуп-өскөн Ак-Булуӊ айылында башкы дарыгер болуп эмгектенип, 1979-1997-жылдары жолдошу туулуп-өскөн Жети-Ѳгүз районунун Барскоон айылында башкы дарыгер болуп кызмат өтөгөн.

«Барскоон айылында башкы дарыгер, балдар дарыгери болуп эмгектенип жүрүп, 2006-жылы ардактуу эс алууга чыктым. Айылда эмгектенип жүргөндө түн менен күндүн эч айырмасы жок эле. Райондон керектүү дары-дармекти өзүмдүн акчама сатып алып, кайсыл мезгил болбосун даяр турууга аракет кылчумун. Бир жолу айылыбызда Айдар деген молдонун башына кетмен тийип, баш териси сыртты карап калыптыр. Үйүнө барып, жууп-тазалоочу каражатты колдонуп, пенициллин менен тазалап, терисин тигип чыккам. Ал бейтап тез эле жакшы болуп кетти. Мындай эмгектерден кийин коом арасына кадыр-баркым бийик болуп, бир катар басып өткөн түйшүгүм тарых болуп калды. Эс алууда болсом дагы көп адамдар жардам сурап кайрылганда жок деп айта албай, айрым учурда тамчылатма дарыны коюп берем.

Жолдошум паспорттук столдун башчысы болуп иштеген. 5 баланы чоӊойтуп, кийинчерээк көзү өтүп кетти. Бүгүнкү күндө уул-кыздарым менин жолумду жолдоп, дарыгерлик кесипти аркалап келишет. Учурда 33 неберем, 14 чөбөрөм жана 1 кыбырам бар», - деди Икен Дубанаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×