Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.01.2020 17:30

Ысык-Көлдүн унаа жолдоруна инерттик материалдар себилди

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагындагы унаа жолдорго инерттик материалдар себилүүдө. Бул тууралуу №4 жол тейлөө ишканасынын башчысы Канат Кыдырбаев билдирди.

Анын айтымында, Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 156-207-чакырымында 5-10 сантиметрден жогору, Түп—Кеген жолунун 40-76-чакырымына 20 сантиметрге чейин кар жааган. Учурда Сан-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Каркыра жайлоосуна кетчү Түп—Кеген эл аралык жолунда унаалар жүрүп жатат.

«Жолдордун тайгалак тилкелерине инерттик материалдар чачылды. Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 156-207-чакырымында иштер бүттү. Эми Сан-Таш айыл аймагына тиешелүү Түп—Кеген жолуна кар топтолсо техникалык күч менен тазалоо иштери жүргүзүлөт», - деди К.Кыдырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×