Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.01.2020 15:08

«Ойнош катары жашап жүрдүк»: Жаш келинди сабады деп айыпталган жаран өз версиясын айтты. Видео

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл районунда 29 жаштагы келинди сабап, көлдүн жээгине таштап кетти деп айыпталып жаткан жаран окуя боюнча өзүнүн версиясын билдирди.

Бактуу-Долоноту айылынын 1983-жылы туулган тургуну Ж.Азиз Turmush басылмасына билдиргендей, анын үстүнөн арыз жазган Нурсалима менен 2019-жылдын август айында таанышкан.

«Ошол айдан бери коттеджде чогуу жашап жүрдүк. Сентябрь айында эки баласы мектепке барганда жол киресин төлөп берип турчумун. Ноябрь айынын башында өзүнчө батирге чыгып, ойнош катары эле жашап жүрдүк. 30-ноябрда пикир келишпестиктен улам уруша кетип, "үй-бүлөң менен ажыраштырам" деп шантаж кылып баштады. Ошондон бери мени каралап жатат. Ага чейин менин үстүмдөн зордуктады жана сабады деп арыз жазган. Эч кандай зордуктоо болгон эмес, мага жалган жалаа жаап жатат. 2020-жылдын 6-январында кайра арыз жазыптыр. Анын "колумду кесип, сабап, көлдүн жээгине таштап кетти" деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Ал менден 100 миң сом өндүрүү үчүн жалган билдирүү таратып жатат», - деди ал.

Ал эми С.Нурсалима Turmush басылмасынын редакциясына Ж.Азиздин айткандарын төгүндөп, жаракат алган колунун сүрөттөрүн жөнөттү.

Буга чейин Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү маалымдагандай, 2020-жылдын 6-январь күнү РИИБдин кезмет бөлүмүнө райондук тез жардам кызматынан 6-январда саат 15:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу жайында С.Нурсалима аттуу жаранды Ж.Азиз аттуу жаран эч себепсиз уруп-сабап, денесине жаракат келтиргени тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган билдирүү боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө ыкчам тобу райондук ооруканага барган учурда Бактуу-Долоноту айылынын 1990-жылы туулган тургуну С.Нурсалима арыз жазып, анда: «6-январь күнү саат 12:00 чамасында Бактуу-Долоноту айылынын Достук көчөсүнөн түшсөм, мага тааныш Азиз аттуу адам жаныма унаасынан түшүп келди. Ал мени кыйнап унаага отургузуп, көл жээгине алып барып сабады. Мени сүйрөп, башка-көзгө койгулап, бычак менен сол колумду тилип, денеме жаракат келтирди», - деп айткан.

Бул арыз 7-январь күнү Ысык-Көл РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Арыз ээси өзүнүн көрсөтмөсүндө айткандай, ушул жылдын 6-январында саат 08.30 чамасында Бишкек шаарынан маршруттук такси менен чыгып, болжол менен саат 12.00 чамасында Бактуу-Долоноту айылынан түшкөн. Ал өзүнүн үйүн көздөй кетип бара жаткан учурда Азиз аттуу таанышы унаасы менен барып, аны сүйрөп унаасына салып, көлдүн жээгине алып барган. Ал жерден бычак менен колун кесип, сабап, денесине жаракат келтирген соӊ, таштап кеткенин билдирген.

Ал эми Бактуу-Долоноту айылынын 1983-жылы туулган тургуну Ж.Азиздин берген көрсөтмөсүндө, ал 6-январь күнү саат 10:00 чамасында ойгонуп, болжол менен саат 14:00 чамасында туугандары менен Чолпон-Ата шаарында жашаган Исламдын үйүнө барган. Нурсалиманы акыркы жолу 2019-жылдын декабрь айында көргөнүн билдирген.

Бул окуя боюнча жабырлануучунун денесиндеги жаракатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, азыркы учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

С.Нурсалима эки баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×