Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.01.2020 09:53

Айыл турмушу: С.Айбашова жүндөн жасаган буюмдарын Японияга экспорттойт

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 70 жаштагы тургуну Созул Айбашова жүндөн түрдүү азем белектерди жасайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал жүн менен иштөө техникасын үйрөнгөндөн кийин айылдаштары менен бирге шырдак жана ар кандай азем белектерди жасап келет.

«Жүндү уютуп жасоо техникасын апамдан үйрөнгөм. Турмушка чыккандан кийин кайын энеме дагы кол өнөрчүлүк боюнча жардам бере баштадым. Ал киши колунан көөрү төгүлгөн уз болгондуктан боз үйдүн жабдыктарын, шырдак жана кийиздерди көп жасачу. Бул өнөрдү кыздарыма да үйрөттүм», - дейт ал.

Созул Айбашова 3 уул, 5 кыздын энеси.

«Беш кызым тең негизги жумушунан сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Бир кызым бул тармакты мыкты өздөштүрүп, жасаган эмгектерин Германия, Японияга чейин алып барат. Ошондой эле бул кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарды өтөт.

Айылда 8 аял болуп иштейбиз. Бири-бирибизден үйрөнүп, заман талабына ылайыктуу азем белектерди жасайбыз. Аларды көбүнчө туристтер сатып алышат. Ошондой эле долбоорлорго катышып, Японияга экспорттойбуз. 18 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип жатабыз», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×