Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 07.01.2020 13:35 Жаңыланды: 07.01.2020 14:20 На русском

«Энеси алып кетип баратканда ичибиз ачышты»: Фостердик үй-бүлөнүн баяны

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп району боюнча бир гана Талды-Суу айылында фостердик үй-бүлө бар. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы бул үй-бүлө менен таанышты.

50 жаштагы Эмил Эсенкожоев менен 48 жаштагы Элмира Карасартова атайын фостердик үй-бүлө окуусунан өтүшүп, бала багууга уруксат, сертификат алышкан.

Жубайлардын 1993-жылы туулган тун баласы Жолдош Сагынов жогорку билимдүү болуп, алтын кен комбинаттардын биринде иштейт. Кыздары Салтанат Сагынова Прагада студент, Раушан Красноярсктагы Сибирь Федералдык институтунда студент болсо, кичүү кызы Аэлина Сагынова М.Элебаев атындагы Талды-Суу орто мектебинин 7-классынын окуучусу.

Фостердик үй-бүлө болууга эмне себеп болгонун жубайлар мындай деп түшүндүрүштү.

«Мен айыл өкмөттө социалдык кызматкер болуп иштеп турганда жетимдер үйүнө барууга туура келди. Ал жерден мени алып кеткилечи деген жалооруган көз караштар жүрөгүмдү эзип ийди. 2016-жылы талды-суулук Кутман Шатенов деген 2001-жылы туулган баланы асырап алдык. Анда азыркыдай фостердик үй-бүлө деген жок эле. Эки жыл баккандан кийин энеси райондук үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кийлигишүүсү менен кайра алып кетти. Азыр энеси менен жашайт, бала келип-кетип турат. Биз дайыма байланышып турабыз. "Баккан бала боор эт менен тең" деген чын окшойт. Алып кетип баратканда ичибиз жаман ачышты», - деди Э.Эсенкожоев.

Андан кийин жубайлар 2005-жылы Талды-Суу айылында туулган Эркинбек Мүсүралиевди багып алышкан. Ал учурда ушул айылда 7-класста окуп жатат.

«Эркинбек жалгыз тиреги болгон чоң энесинен жакында ажырап калгандан кийин, толук кандуу биздин бала болуп калды. Окуусун орто жолдо үзгүлтүккө учуратканы менен зээндүүлүгү аркылуу азыр жакшы окуган окуучулардын катарына кошулду», - деди Элмира Карасартова.

Эркинбек Мүсүралиев «Келечекте ким болосуң?» деген суроого: «Атам Эмил көксөп, бирок жетпеген учкуч болом. Негизи аскер адамы болгум келет», - деп жооп берди.

Эркинбек окуудан сырткары спорт менен машыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×