Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуТоң району 07.01.2020 11:04

Өзгөчө ысым: Атымды картошканын сорту менен алмаштырышкан, - Тоңдун тургуну

Turmush -  «Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Темир-Канат айылынын 39 жаштагы тургуну Урпейим Исмаилова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 10 бир тууган.

«Атымды бизге тууган болгон дарыгер эже 90 жашка чыккан кошунасынын атынан коюптур. Ошол адамдын жашына жетип, акылдуу болуп чоңойсун деген тилек менен ушул ысымды ыйгарыптыр.

Мектепти аяктагандан кийин Балыкчы шаарындагы институтка бардым. Курсташтар жана мугалимдер дагы мындай атты биринчи жолу угуп жатышканын айтышты. Мугалимдердин бири Касымалы Жантөшевдин «Каныбек» романынан Урпейим жана Алпейим аттуу каармандар тууралуу окуганын жана мындай атты биринчи жолу институттан укканын айтты. Көбү таң калып, атымды ким койгонун жана маанисин сурап калышат. Кээде Нурпери, Айпери деп алмаштырышат.

Жакында эле тигүү цехинде иштеген кыздарга Тоң районунан картошка алып келишет десем, биз дагы сатып алат элек деп калышты. Тикмечи кыздардын бири жолдошуна айтса, ал "кандай сорттогу картошка?" деп сураптыр. Ал Урпейим алып келет десе, жолдошу картошканын сорту ушундай аталат деп ойлоптур. Эртеси кесиптешим картошканы үйүнө алып барса, жолдошу "бул желе деген картошка" деп айтыптыр. Анан ал Урпейим деген адамдын аты экенин айтып, күлүшкөн экен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×