Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 04.01.2020 15:29

Түптө «Китепкөй муун – жаркын келечек» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Түп районунда мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн «Китепкөй муун – жаркын келечек» аттуу сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу акимдин орун басары Э.Дюшебаева билдирди.

Анын айтымында, сынак райондук администрация жана «Түп жаштары» кыймылы менен бирге залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 91 жылдыгына карата жана «Китепкөй Кыргызстан» жумалыгынын алкагында уюштурулган.

«Сынакка 260 окуучу катышып, 22 окуучунун эмгеги бааланды. 100 суроодон 93 суроого туура жооп берген М.Элебаев атындагы Талды-Суу орто мектебинин 8-классынын окуучусу Айгерим Болотбекова биринчи орунду ээлеп, 5 миң сом менен сыйланды. 2-орунду ээлеген Т.Сыдыкбеков атындагы Кең-Суу орто мектебинин 10-классынын окуучусу 4 миң сом, 3-орунду ээлеген Түп айылынын 11-классынын окуучусу Мээркан Садыбакасова 3 миң сом менен сыйланды. 4-орунду алган Ж.Ашымов атындагы Арал орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айым Мырзабекова 2 миң сом, 5-орунду ээлеген М.Элебаев атындагы Талды-Суу орто мектебинин 11-классынын окуучусу Акыл Жунушалиева 1 миң сом менен сыйланышты.

Калган 17 окуучуга баалуу белектер жана китептер тапшырылды. Сыйлыктарды «Түп жаштары» кыймылынын активисттери Т.Муратбеков, Э.Темиров тапшырышты. Эми алдыда ушундай сынак мугалимдер арасында өткөрүлөт», - деди Э.Дюшебаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×