Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуТоң району 03.01.2020 17:12 Жаңыланды: 03.01.2020 18:56

Ысык-Көлдүн тоолорун байырлаган жаныбарлар фотокапканга түштү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагындагы «Байбоосун» коругунда кызыл китепке кирген жаныбарлар бар. Бул тууралуу райондун тургуну, негиздөөчүлөрдүн бири Баатырбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, райондогу мергенчилер 15 жыл мурун айыл чарбасына зыян келтирген карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын азайтуу максатында биригишкен.

«Биз өз каражатыбызды жумшап, карышкырлардын санын азайтуу максатында көптөгөн иштерди жасадык. Ошол кезде өкмөттөн мергенчилик кылууга уруксат кагаздарын алгандар райондун аймагында аңчылык кыла башташты. Жергиликтүү жигиттер туура эмес иштер жүрүп жатканын көрүп, ага чара көрүүнүн жолун издей баштадык. Аңчылык департаментинин облустук бөлүмүнөн райондун жерин коруу боюнча атайын уруксат алып, иштей баштадык. Бирок кийинчерээк мыйзамдар өзгөрө баштады. Кыргызстандын жерлери аңчылык кылууга атайын аукциондун негизинде жамааттарга бериле баштады. Биз ошондо кеңешип, жайыттан тышкаркы бийик тоолуу жерлерди атайын корук кылууга аракет жасадык. Анткени бир гана жаныбарларга аңчылык кылбастан, кийинки күндөрү чөптөрдү дагы казып кетип жатышкан. Алардын арасында өтө баалуу, сейрек өсүүчү чөптөр да бар болчу. Биз жаратылышты сактап калуу, аны кийинки муунга өткөрүп берүү максатында корук түздүк.

Учурда коруктун жалпы аянты 10 миң гектарды түзүп, ага тескей Төрт-Күл жана Көл-Төр айыл өкмөтүнүн тоолуу жерлери кирет. Коюлган фотокапкандардан корукта илбирс, тоо теке, сүлөөсүн, мадыл, суур, улар, элик, кекилик жана башка ушул сыяктуу жаныбарлар бар экенин көрүүгө болот. Өткөн жылы «Camp Ala Too» уюму бизге жардам көрсөтүп, атайын карталарды, фотокапкандарды алып берген», - деди Б.Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×