Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.01.2020 23:02 Жаңыланды: 09.01.2020 23:02

Айыл турмушу: Багбанчылыктан баар тапкан А.Волокитин

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну Антон Волокитин багбанчылык менен алектенет, деп билдирет аймактык кабарчы. Антон учурда үй-бүлөсү менен 13 гектар жерге алма, алмурут, өрүк өстүрөт.

«Көбүнчө апорт сортундагы алмаларды өстүрөм. Себеби алар экспортко жакшы кетет. Учурда тургундар "превосходный" сортундагы алмаларды көп өстүрүшөт. Бирок ал башка аймактарга сатылганы менен экспортко чыкпайт. Мен базар шартында талап кылынган мөмө-жемиштерди өстүрүүгө аракет кылам», - дейт багбан.

Антон 1988-жылы туулган. Үч баланын атасы. Тапкан кирешеси үй-бүлөсүн багууга жетет. Ошондой эле сезон маалында 20га жакын жумушчуну иш менен камсыз кылат.

«Бак менен иштөө өтө көп мээнетти талап кылат. Көп эмгектенүү керек. Эгер жакшы иштесе бир киши 6 гектардагы бакты багууга жетишет. Жакшы түшүм алуу үчүн жаз мезгилинде сапаттуу кыйыштыруу керек. Түшүмдү жыйнап, жеринен эле сатам. Бир гектардан 15 тонна түшүм алып, орточо эсеп менен 1 килограммын 30 сомдон өткөрөм. Ошондой эле атайын мөмө сактоочу жай курганбыз. Ал жерге 350 тонна мөмө-жемиш батат. Үзгөндөн баштап Жаңы жылга чейин жергиликтүү тургундардын алмасын дагы сактап беребиз. Түшүм жыйнаган убакта 20га жакын адам убактылуу иш менен камсыз болот. Эми келечекте бакчага тамчылатып сугаруу системасын киргизүүнү пландап жатам», - дейт Антон Волокитин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×