Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 31.12.2019 14:59 На русском

Сүрөт — Кыргызстандын курорттук шаарында Жаңы жыл майрамынын алдында кар жаады

Turmush -  Кыргызстандын курорттук шаары — Чолпон-Атада бүгүн, 31-декабрга караган түнү кар жаады.

Жергиликтүү тургундар ак түскө боёлгон көчөлөр жаңы жылдык маанай тартуулап жатканын айтышты.

Өзгөчө кырдалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 31-декабрда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт.

Алардын маалыматына караганда, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Кызыл-Дөбө—Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо унаалардын кыймылы кыйындайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×