Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 30.12.2019 14:06

Балыкчыда тамеки менен кармалган өспүрүмдөрдүн ата-энелерине айып салынды

Turmush -  Балыкчы шаарында «Өспүрүм» аттуу түнкү рейд өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, рейд шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык ички иштер бөлүмү жана ата-энелер менен бирдикте уюштурулду. Ага милициянын аймактык тескөөчүлөрү, ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери жана мектеп, колледж, кесиптик лицейлердин мугалимдери катышты. Анын алкагында түнкүсүн көчөдө жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, ата-энелерине эскертүүлөр берилди. Ошондой эле соода түйүндөрүнүн ээлерине өспүрүмдөргө тамеки жана спирт ичимдиктерин сатпоо боюнча эскертүүлөр берилди.

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага инспектору Элмира Касмалиева жыл башынан бери 36 рейд өткөрүлүп, ага 286 мугалим, 531 ата-эне катышканын айтты. Бул жылы 22 өспүрүм тамеки менен кармалып, ата-энесине айып салынганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×