Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.01.2020 10:27

Айыл турмушу: Ак-суулук Г.Чыныбаева как кургатуу менен киреше табат

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургуну Гүлсара Чыныбаева мөмө-жемиштерди кургатуу менен киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күзүндө жарым тонна как кургаткан.

«Бала кезден бери эле как кургатып, кышында андан шире кайнатчубуз. Кийин балдарыма дагы даярдап жүрдүм, үй-бүлөмдөн ашканын сатчумун. Күзүндө салкын болгондуктан алма жана өрүктөр көпкө чейин кургайт. Как кургаткан аппарат сатып алсамбы деп ойлонуп жүргөм. Кийин долбоор жазып, как кургаткан аппарат утуп алдым», - дейт Гүлсара Чыныбаева.

Анын айтымында, ал 600 килограмм как кургатууга жетишкен.

«Алмадан 200 кг, абрикос жана кара өрүктөн 250 кг жана алмуруттан 100 кг кургаттым. Андан тышкары, дарылык касиети бар бөрү карагат жана ит мурундан дагы кургаттым. Бөрү карагатты демдеп, чайдын ордуна ичсе кан басымды ордуна келтирет. Ал эми ит мурун бөйрөк ооруларына пайдалуу. Кийинки жылы көп өлчөмдө кургатууну ойлоп жатам. Азыр какты мектеп, бала бакча жана дүкөндөргө сатып жатам», - дейт Г.Чыныбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×