Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 29.12.2019 20:08

Сүрөт — Балыкчыда жылдын мыкты жаш адистери сыйланды. Алар кимдер?

Turmush -  Балыкчы шаарында 2019-жылы ар тармакта артыкчылык көрсөткөн жаш адистерге сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Жылдын мыкты жаш адиси» наамын тапшыруунун максаты — жаштарды шыктандыруу, алар менен тыгыз байланышта болуу жана колдоо көрсөтүү. Жыл мыктыларын сыйлоо аземине Балыкчы шаарындагы мекеме-ишканалардын 28 жашка чейинки кызматкерлери, чыгармачыл топтор, жаш ишкерлери катышты.

«Жылдын мыкты жаш адиси» наамынын ээлери:

- Лев Тостой атындагы гимназия мектебинин информатика сабагы боюнча мугалими Мээримай Нурбекова;

- «Жоогазын» бала бакчасынын тарбиячысы Өмүрбек кызы Мээрим;

- Балдар билим борборунун бий ийриминин жетекчиси Ишенбекова Жылдыз;

- ШИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Бекташев Абанур;

- ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарындагы ротасынын кызматкери Жанызаков Бекболот;

- Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №19 өрт-куткаруу бөлүмүнүн кызматкери Нурбек уулу Медербек;

- Шаардык аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери Мамасалиев Нурмухаммед;

- Тиш дарылоо бейтапканасынын адиси Эмилбеков Максат;

- Мамлекеттик чек ара кызматынын №2064 аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Тилекмат уулу Бакберди;

- Аскер комиссариатынын лейтенанты Кыдырбеков Айкөл;

- Шаардык электр тармактары ишканасынын ага инспектору Малаев Элхан Таалайбекович;

- Суу түтүкчөлөр ишканасынын калкты тейлөө боюнча адиси Инешбекова Нуркыз;

- Муниципалдык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын айдоочусу Жакыпов Бактыгул;

- Болот Миңжылкыев атындагы балдар искусство мектебинин комуз бөлүмүнүн мугалими Талгарбек уулу Эрмек;

- Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин адиси Мамытова Жанайым;

- Шаардык мэриянын алдындагы жергиликтүү салыктарды чогултуу боюнча муниципалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мамытов Залкарбек;

- Шаардык кеңештин адиси Замирбек кызы Нуркыз;

- Муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык мүлккө реестр жүргүзүү боюнча жетектөөчү адиси Асанбеков Урмат;

- Мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүүдө кошкон салымы үчүн Балыкчы шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Акунова Мээрим Эмилбековна Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин ардак граммотасы менен сыйланды.

Ошондой эле ар тармакта өздөрүн мыкты көрсөткөн жаштарга төмөндөгү номинациялар тапшырылды:

- «Мыкты жаш мушкер» — Мурасбеков Бекбол;

- «Мыкты жаш спортчу» — Макешов Сыймык;

- «Мыкты жаш спортчу» — Данияров Адилет;

- «Мыкты ырчы» — Асангазиев Расул;

- «Мыкты бий тобу» — «Жаш-Толкун» бий ансамбли;

- “Мыкты жаш лидер» — Балыкчы шаарынын мэри Кудайбергенов Марат;

- «Мыкты студент» — Ысык-Көл индустриалдык-педогогикалык колледжинин студенти Дайыров Улук.

Мындан тышкары скрипка, пианино, комуз, гитара, чопо чоор музыкалык инструменттеринин мыкты аткаруучулары жана вокал, бий, фольклор чеберлери аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×