Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.12.2019 21:04

Райондо мыкты деп табылган Челпек айыл өкмөтү «Коопсуз айыл» долбоорун ишке ашырды. Сүрөт

Turmush -  Быйыл Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтү райондогу мыкты айыл өкмөт деп табылды. Себеби айыл өкмөткө караштуу 3 айыл таза суу менен толук камсыздалган. Ошондой эле «Коопсуз айыл» долбоору ишке ашырылды. Аталган айыл өкмөттүн жетишкендиктери тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Эрлан Жыргалов айтып берди.

Эрлан Жыргалов

Анын айтымында, айыл өкмөттүн бюджети 4 млн сомду түзөт. Теңдөөчү грант менен 12,5 млн сом болот.

«Өзүбүздүн бюджет менен үч айылдын көйгөйү толук чечилбесе да социалдык-экономикалык жактан өнүгүү үчүн бир катар иштерди аткарып жатабыз. Ошону менен бирге айрым долбоорлор ишке ашып, 2019-жылы 42 млн сомдук иштер бүттү», - деди айыл өкмөт башчы.

Бул жылы Челпек айыл өкмөтүнө караган Бурма-Суу, Таш-Кыя жана Челпек айылдары 100 пайыз таза суу менен камсыздалды. Үч айылда 1500 түтүн жашайт. Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу иштери 2012-жылы иш башталган. Бул жылы ушул жаатта 35,5 млн сомдук иштер аткарылды.

«15 чакырым жерге суу түтүктөрү тартылды. Жашоочулар сууну ташып ичпей, үйлөрүнө киргизип жатышат. Ошондой эле 280 абонентке суу эсептегич орнотулду. 2020-жылы суу эсептегичтер айыл өкмөттө 100 пайыз орнотулат.

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында "Коопсуз айыл" долбоорун ишке ашырдык. Айылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 камера орното алдык. Үч айылда жалпы 54 видеокамера бар. Бул иштер 340 миң сомго бүттү. Камераларды орнотуу менен айылда мал уурулук жана кылмыштуулуктун саны азайды. "Коопсуз айыл" долбоорунун алкагында борбордук көчөлөр жарыктандырылды. Келечекте бардык көчөлөргө электр жарыгы тартылат», - деди Эрлан Жыргалов.

2019-жылдын октябрь айынан баштап үч айылда 180 бала балдар бакчасына бара башташты. Бала бакча 1980-жылы курулган. 1996-жылы жеке менчикке өтүп кеткен.

«2015-жылы бала бакчаны кайтарып алуу үчүн аракет көрүлө баштаганда "Челпек"ААК айыл өкмөттү сотко берген. 3 жыл соттоштук. 2018-жылы Жогорку соттун чечими менен ишти утуп алып, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 2 млн 500 миң, жергиликтүү бюджеттен 1 млн 200 миң сом бөлүнүп, оңдоп-түзөө ишин жүргүздүк. Ачылышына карата өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 60 балага керебет жана ашкана эмеректерин алып берди. Айыл эли да балдардын керебети үчүн акча чогулткан.

Билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан 1 млн 400 миң сом тартылып, Искаков жана Рахимова мектептеринин санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу иштери аткарылып жатат. Буга чейин ажатканалар сыртта болчу. Мектептердин ичине ажатканалар курулууда. Ошону менен бирге кыздар үчүн гигиеналык бөлмө ушул жылдын аягы менен бүткөрүлөт. Ажатканаларды окуучулар кышкы эс алуудан келгенден кийин колдоно алышат», - дейт айыл өкмөт башчы.

Айыл өкмөттө жаштар үчүн спорттук мелдештер да өткөрүлүп турат.

«2018-жылы шахмат курсун ачканбыз. Бул жылы грэпплинг боюнча республикалык мелдеш өткөрүп, спорттун бул түрүнө жаштарды тартып жатабыз. Мындай жол менен жаштардын жаман жолдон алыс болуусуна шарт түзүүдөбүз», - деди Э.Жыргалов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×