Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 14.01.2020 10:00

Тагдыр: Көзү азиз Аида элди таланты менен тамшандырат

Turmush -  Балыкчы шаарынын 41 жаштагы тургуну Аида Арыкманова көзүнөн майып болгонуна карабай, көптөгөн ийгиликтерди багындырып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1-топтогу тубаса майып. Бишкек шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдардын интернатында окуган.

«Дарыгерлер катаракта деген диагноз коюшуп, төрт жолу операция болдум. Көзүмө жасалма чечекей (хрусталик) коюшкан. 1 пайыз болсо дагы көрөм.

Жолдошум Улан Жанузаков Жети-Өгүз районунун Тилекмат айлында туулган. Экөөбүз классташпыз. Ал дагы көзүнөн 2-топтогу майып. Классташ болгондуктан бири-бирибизди жакшы билебиз. Интернатта дагы чогуу окуганбыз. Баш кошконубузга 10 жыл болду», - деди ал.

Анын айтымында, учурда көзү азиздерге жардам берүү максатында иштеп жатат.

«2012-2017-жылдары Балыкчы шаарындагы «Азиздер жана дүлөйлөр» коомунун төрайымы болуп иштедим. Өзүбүздөй адамдардын жашоосун жеңилдетүү максатында «Теңдик» коомдук фондун ачып, иштеп жатабыз. Долбоорлорду жазып, майып адамдар үчүн ишканаларды ачуу планыбызда бар. Учурда гуманитардык жардамдар менен эле чектелип жатабыз. Мени көбүнчө жолдошум, апам же кыздарым коштоп жүрүшөт.

Өзүм комуз черткендиктен түрдүү сынактарга, фестивалдарга катышып келем. Жакында сармерден сынагында өз өнөрүмдү тартууладым. Балыкчыда «Көл бермети» шайыр апалар тобунда ырдайм. Менин комуз чертип, ырдаганымды көргөндөр жылуу сөздөрүн айтып, тамшанып калышат. Чет өлкөгө барып көзүмдү дарылатсам, балким жакшы көрүп калат белем деген ойдомун. Өзүм төрт бир туугандын улуусумун. Башка бир туугандарым көз оорусу менен жабыркабайт»,- деди ал.

Ал үч кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×