Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 27.12.2019 13:45

Балыкчыда жаңы жылдык балаты жандырылды

Turmush -  Балыкчы шаарында жаңы жылдык балаты жандырылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бийиктиги 11,8 метр болгон балаты шаардык мэриянын алдына коюлду. Аны кооздоо үчүн 26 миң сом жумшалган. Жалпы 200дөн ашык оюнчук, 600 метрдей жалтырактар илинди.

Мындан тышкары, санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү ишканасы тарабынан мэриянын алдына темирден эки бугу чанасы менен жасалып кооздолду. Анын бийиктиги 1 метр 60 сантиметр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×