Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 26.12.2019 17:33

Сүрөт — Балыкчыда мэрдин жаңы жылдык балаты майрамы өттү

Turmush -  Балыкчы шаарында Э.Думанаев атындагы маданият үйүндө мэрдин жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага ата-энесинен эрте ажыраган балдар, оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн, Ооган согушунун, Баткен окуясынын, Чернобыль апаатынын ардагерлеринин балдары жана жакшы окуган мектеп окуучулары катышты.

Иш-чарага жалпы 278 бала чакырылып, ар бирине белектер берилди. Анда мэр М.Кудайбергенов бардык катышуучуларды келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, окууларына ийгилик каалады.

Мындан тышкары маданият үйүнүн кызматкерлери балдар үчүн «Кырсылдак» («Щелкунчик») жомогун коюшса, Аяз ата белек таратып, оюн-зоокторду уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×