Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 26.12.2019 12:50

Ысык-Көлгө 80 жыл: Балыкчынын сыйлыкка татыган атуулдары

Turmush -  Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы облустук музыкалык драм театрында Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарада алгач облус тууралуу документалдык тасма, жети аке, алардын калкка кылган эмгектери чагылдырылган театралдаштырылган көрсөтүү жана концерттик программа уюштурулду.

Салтанаттын расмий бөлүгүндө көп жылдык эмгектери үчүн облустун бир катар жашоочуларына сыйлыктар тапшырылды. Балыкчы шаарынын сыйлыкка татыган атуулдары:

- Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн жана Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты менен Балыкчы шаарынын вице-мэри Бегайым Алгожоева сыйланды;

- Ысык-Көл облусунун коомдук-саясий турмушундагы салымы жогору бааланып жана облустун 80 жылдык урматына карата «Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу» наамы №4 гимназия-мектебинин дене тарбия бөлүмүнүн машыктыруучусу, эл агартуунун отличниги, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Сейитказиевге ыйгарылды;

- Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин ведомстволук «КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы» төш белгиси менен көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо мекемесинин мурдагы башчысы Карыпбай Борбашев сыйланды;

- Облустун, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн ардак грамотасы шаардык кеңештин депутаты Турдакун Давлетовго, «Суу түтүкчөлөр» ишканасынын башкы инженери Болот Акматовго тапшырылды;

- Өкмөттүн өкүлүнүн алкыш баракчасы жылуулук менен камсыздоо мекемесинин жылуулук берүү бөлүмүнүн мастери Таалай Момбаевге, жашылдандыруу чарба ишканасынын көчөткана бөлүмүнүн башчысы Кубан Саманчиевге берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×