Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.12.2019 16:52

Каракол шаардык балдар-ɵспүрүмдɵр спорт мектебинин жетишкендиктери. Сүрөт

Turmush -  Каракол шаарындагы Жамангулов Жоомарт Кубанбекович жетектеген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде 600дөн ашуун өспүрүм тарбияланып, 21 машыктыруучу иштеп келет. Спорт мектеп 2019-жылы Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесин утурлай бир катар ийгиликтерди жарата алды.

Учурда мектептин машыктыруучуларынын шакирттери машыгуу жайларынын абалы талаптарга жооп бербеген абалына карабай облустук, республикалык, эл аралык мелдештерден жана дүйнө, Азия чемпионаттарынан байгелүү орундарды багындырып келишкен.

Алсак каратэ-до боюнча машыктыруучу Өмүрбек Акысбек Орозалиевичтин көптөгөн шакирттери мелдештерде байгелүү орундарды ээлешкен. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө чемпионатында Муканбетов Сыймык, Сталбек уулу Дастан, Кубандыков Бексултан, Макеев Айбек, Урматбекова Айшоола, Тойтонова Кымбат, Баялиева Айсулуу, Орозалиева Бегимай, Акунов Сыймык, Айдакеева Чолпон, Жанадилов Кутман, Абдыкадырова Аяна, Орозалиева Ажара, Ринат уулу Актан, Дастанов Темирлан, Жаныбекова Жанара, Дөөлөтов Эрбол, Мусаев Бекзар, Сарсенов Ерасыл 1-2-орундарга ээ болуп, «спорт чеберине талапкер» наамына ээ болушту. Ташкент шаарында өткөн Азия чемпионатында Тойтонова Кымбат 2-орунга ээ болуп, күмүш медалдын ээси болду.

Каратэ-до боюнча машыктыруучу Болотбек уулу Адилеттин окуучулары дагы мелдештерде байгелүү орундарды багындырып келет. Спорт мектепте самбо боюнча Эстебесов Кулунбек Октябровичтин талыкпай эмгек өтөгөнүнүн негизинде шакирттери эмгегин актап, дүйнө чемпионатында, Азия чемпионатында 1-2-3-орундарга ээ болуп, эң жакшы ийгиликтер менен келе жатышат.

2019-жылдын 4-9-июнунда Уральск шаарында өткөн эл аралык мелдеште Калысбек уулу Дастан 1-орунга, Турсуналиев Алымбек 1-орунга ээ болуп келишкен.

2019-жылдын 24-25-августунда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн эл аралык мелдеште Сартов Алай 1-орунга, Уланбеков Феликс 3-орунга, Данапияев Арген 3-орунга ээ болуп келишкен. Ушул эле жылдын сентябрь айында Индиянын Дели шаарында самбо боюнча өткөн Азия чемпионатында Уланбеков Феликс 1-орунду, Батырбеков Аман 1-орунду, Сартов Алай 3-орундарды багындырышкан.

2019-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн дүйнө чемпионатында Сартов Алай 3-орунга, Шакиров Жусуп 3-орунга ээ болуп, коло медаль тагынышкан. Эстебесов Кулунбек Октяровичтин 5 окуучусу «КРнын спорт чебери» наамына ээ болуп, 5 шакирти «Спорт чеберине талапкер» наамын алышкан.

Ал эми Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруу залдардын тартыштыгына карабай, топ оюндарынын түрлөрү дагы ийгиликтүү өнүгүп бара жатат. Даутов Шерик, Асеинов Тимур, Кадыров Азамат, Иргебаев Замир өңдүү дасыккан машыктыруучулардын окуучулары волейбол, баскетбол, футбол оюндары боюнча өлкөнүн аймактарында өткөн мелдештерде 1-2-3-орундарды такай ээлеп келишет.

Жакында жылдын жыйынтыгы менен Каракол шаарына эмгек сиңиргени үчүн мэриянын төш белгиси менен балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучулары Жамангулов Жоомарт Кубанбекович, Өмүрбеков Акысбек Орозалиевич, Эстебесов Кулунбек Октябрович, Даутов Шерик Аскарович, Асеинов Тимур Абдыкадырович, Кадыров Азамат Муминович сыйланышты.

Тоо лыжасы боюнча машыктыруучу Түлөжанов Бакыт Женишбековичтин машыгуучулары да эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырып келет. Түлөжанов Бакыт Жеңишбековичтин 1 спортчусу Гордеев Максим «Спорт чебери», 5 спортчусу: Аляскаров Аскар, Иванова Альбина, Мухтаров Надим, Асанова Адина, Радченко Алексей «Спорт чеберине талапкер» наамына ээ болушту.

Булар өңдүү Каракол шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде тоо лыжа бөлүмү бар жана 4 машыктыруучу эмгектенет. Анда 100 спортчу машыгат. Алар жумасына 5 жолу Каракол тоо лыжа базасына барып машыгат.

«Жергиликтүү бийликке кайрылып, балдарды лыжа менен машыктыруу үчүн тоого алып барууга автобус алып берүүнү суранып жатабыз. Автобус 45 орундуу болуп 2,5 млн сомдон 4 млн сомго чейин бааланат. Биздин унаа 1990-жылкы болгондуктан эскилиги жетти», - дейт Ж.Жамангулов.

Спортчулардын ийгиликтерге жетишүүсүнө Ысык-Көл облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы, шаардын мэринин жана ошондой эле Каракол шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт тармагы тарабынан көңүл бөлүнүп турат.

«2018-жылдын ноябрь айында Швейцариянын жараны Самуэль Марет биздин мектептин тоо лыжа бөлүмүнө 100 даана лыжа ботинкасын, тоо лыжа костюмдарын демөөрчү катары белек кылган. 2019-жылдын декабрь айында Каракол тоо лыжа базасы тарабынан 20 даана лыжа ботинкасы белек катары тартууланган.

Пристань Пржевальск шаарчасында жайгашкан «Асфандияр» эс алуу жайынын аймагындагы жер биздин мектептин карамагына таандык экени белгилүү болуп, эки тараптын келишими менен мектептин спортчуларына 2020-жылы жайкы лагерь курууга кол коюлуп, бекитилди.

Каракол шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин карамагындагы, Ж.Жусаев №158 дарегиндеги «Алга» спорт комплексинин акыбалы төмөндөгөнүнө байланыштуу мэрия тарабынан жаңы, заманбап спорт комплексин куруп берүүгө кепилдик берилди. 2020-жылы жаз айы менен жаңы спорт комплекс курулуп баштайт. Курулуш ишине Каракол шаарынын мэри А.Каниметов жардам берүүгө убадасын берди.

Спорт мектептин карамагындагы 3 спорт зал капиталдык оңдоого муктаж. Анын ичинен бирөө авариялык абалда. Футбол, волейбол, баскетбол ойноочу жабык аянтчабыз жок. Андан улам кыш айында машыгуу-процесстери үзгүлтүккө учуроодо.

Спортчулардын биз санап өткөн ийгиликтери акыркы чек болбошу керек. Ата-бабабыз ат оюндарынан тартып, жаа тартуу, ит агытып, куш салып, ордо, тогуз коргоол жана башка оюндардан алдына ат салдырбаганын эске салсак, шаардагы, облустун аймактарындагы жаш спортчуларыбыз дагы да далай ийгиликтерди жарата берет деген ишеничтебиз», - деди спорт мектептин жетекчиси Ж.Жамангулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×