Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.12.2019 13:55 На русском

Кумтөрдө жоголгон Өмүрбек тууралуу апасы айтып берди

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Кумтөр алтын кенинин аймагында жоголгон эки адамды издөө иштери 19 күндөн бери улантылып жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бул аймакта 1-декабрь күнү жер көчкү жүргөн. Ошол эле күнү таңкы саат 5:00 чамасында ишкананын 2 кызматкери дайынсыз жоголгон. Издөө иштеринин жүрүшүндө эки унаа табылган.

Жоголгон кызматкердин бири И.Өмүрбек 1984-жылдын 17-июнунда туулган (35 жашта). Тоо кен иштеринин мастери. Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери иштеп жаткан. Бишкек шаарынын тургуну.

Экинчи кызматкер Ж.Жолдошбек 1972-жылы 14-июлунда туулган (47 жашта). Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери эмгектенет. Тоң районунун Темир-Канат айылынын тургуну.

Дайынсыз болуп жаткан Өмүрбек Ишенбековдун апасы Салтанат Жапарова уулу тууралуу айтып берди. Анын айтымында, уулунун Кумтөрдө иштеп жатканына 10 жылдан ашкан.

«Биз Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында турабыз. Өмүрбек үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси. Анын Кумтөрдө иштеп жатканына 10 жылдан ашкан. Ал Теплоключенка айылында 1984-жылы төрөлүп, М.Мамакеев атындагы орто мектебин аяктаган. Кийин үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында жашап калды. Биз атасы экөөбүз айылда турабыз. Жумуштан чыгары менен бизге келчү. Ошондо адаттагыдай эле жумушуна кеткен болчу. Бошогондо телефон чалып, абалыбызды сурап турчу. Кырсык болуп, 1-декабрдан бери дайынсыз болуп жатат. Жерине барып издөө иштерин көрүүгө «Кумтөр» ишканасынын кызматкерлери макул болушкан жок. Аялы менен агасы катышууда. Үйдө анын амандыгын тилеп отурам», - дейт апасы Салтанат Жапарова.

Анын айтымында, Өмүрбектин төрт баласы бар.

«Биз Өмүрбек мурдагыдай эле «жумуштан келдим» деп жаркылдап, үйгө кирип келсе экен деп тилеп жатабыз. Телефонду карап, жакшы кабар айтышчудай күтүп жатам. Кумтөрдө издөө жүрүп жатат. Баламды аман-эсен таап беришин суранат элем», - дейт С.Жапарова.

Адистердин айтымында, 1-декабрда түшкөн көчкүнүн болжолдуу көлөмү 12 млн 497 миң кубду түзгөн. Издөө иштеринин жүрүшүндө Кумтөр алтын кенинин аймагындагы жер көчкүнүн алдынан эки унаа табылган болчу.

ӨКМдин башчысынын орун басары Калыс Ахматовдун маалыматына караганда, көчкүнүн көлөмү чоң болгондуктан издөө иштерине тоскоолдук жаралып жатат.

Оперативдүү штабдын маалыматы боюнча издөө иштерине 94 куткаруучу жана 28 техника тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×