Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.12.2019 11:10 На русском

Кара-Көлдүн мэри «өзгөчө» айым менен индия бийине түштү. Видео

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 12-декабрда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен мамлекеттик кызматкерлер катышкан «Кош жылдыз» сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынакка Кара-Көл шаарынын атынан мэр Ильяз Еркеев менен аталган шаардын тургуну, 110 сантиметр бойлуу Майрам Курманалиева катышты. Алар сынактын шарты боюнча индия бийин бийлешип, көрүүчүлөрдүн кол чабуусуна арзыды.

Мэрдин айтымында, ал сынакка мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо максатында катышкан.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды чектебеш керек» деген ураан менен катыштык. Мэр, аким болобу же башка кызмат адам болобу баарыбыздын адамдык статусубуз бир. Алардын сүйүнүчтөрүн көрүп, кубанып калдым. Сахнага чыкканда толкундануу деле болгон жок. Буга чейин Кара-Көл шаарында «Кош жылдыз» сынагы өткөн. Эми облустук деңгээлде «Кош жылдыз» сынагы уюштурулуп, анда биз 1-орунду алдык», - деди мэр.

Буга чейин Turmush басылмасы индия бийине түшкөн Майрам Курманалиеванын өнөрү тууралуу жазган.

Майрам Курманалиева «Кыз-жигит сармерден» берүүсүнө катышып, төш белги жана диплом менен сыйланган. Ошондой эле, Кыргызстан майыптар ассоциациясынын ардак грамотасын алган.

Ал 10 жылдан бери чыгыш бийлери менен алектенет. Көбүнчө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы шаардык маданий иш-чараларга активдүү катышып келет. Учурда ал 53 жашта. Жолдошу менен бирге 7 жылдан бери түтүн булатып келет.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×