Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 11.12.2019 17:26

Чолпон-Атада жеңил атлетика боюнча спартакиада өттү

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында А.Осмонов атындагы мектептин жамааты улуу акын Алыкул Осмоновдун жаркын элесине арналган жеңил атлетика боюнча спартакиада уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, спорттук иш-чарага Ананьев, Григорьевка, Бостери, Кара-Ой, Бактуу-Долоноту айылдарынан жана Чолпон-Ата шаарындагы мектеп окуучуларынан куралган 6 команда катышты. Жалпы 300гө жакын катышуучу күч сынашты. Жеңүүчүлөргө А.Осмоновдун элеси түшүрүлгөн сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×