Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.12.2019 11:21

Мекендештер: Екатеринбургдагы кыргыз мугалимдин ийгилиги (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 47 жаштагы Эдиса Мамырова. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылында туулган. Учурда Россиянын Екатеринбург шаарындагы №127 мектепте мугалим болуп эмгектенет. Turmush басылмасынын кабарчысы мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепте 2015-жылдан бери эмгектенет.

«Уулум Урал федералдык университетине өтүп, окуп калганда бизди чакырды. Биз Россиянын миграциялык башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө документтерибизди тапшырдык. Ал жактан уруксат алгандан кийин Екатеринбургга келдик. Уулум Урал федералдык университетинин радиофизика факультетинде окучу.

Учурда мен башталгыч класстын мугалими болуп иштейм. Эртең менен 4-класстын, түштөн кийин 2-класстын окуучуларына сабак берем. Мектепте кыргыз улутундагы 76 окуучу бар. Мындан тышкары тажик, азербайжан, орус, өзбек улутундагы балдар бар. Мен орус тил, орус адабияты, математика, технология сабактарын окутам. Мектепте менден башка мугалимдер орус улутундагылар. Башында кыйын болгону менен ишти өздөштүрүп кеттим. Окуучулардын билим көрсөткүчтөрү дагы чоң роль ойноду. Ар кандай сынактарга, секцияларга катышып, өзүмдү көрсөтө алдым. Быйыл август айында Германияга иш сапарга жолдомо беришкен, бирок чет өлкөгө чыгуучу паспортум жок болгондуктан бара алган жокмун», - деди ал.

Ошондой эле ал ишиндеги ийгиликтерин айтты.

«2017-жылы мектепке музыка сабагын окуткан башка мугалим келди. Ал 2-3 сабак өткөндөн кийин «классыңда кыргыздар көп экен, «Элдик оюу» деген сынакка ата-энелердин тобун уюштура аласыңбы?» деп сурап калды. Ошентип мен кыска мөөнөттө ата-энелердин ансамблин түздүм. Костюмдарын Бишкектен алдырдык. Балдардын кээ бири бул жерде төрөлгөндүктөн кыргызча жакшы, так сүйлөй алышпайт. «Күн балдары» деген ырдын музыкасын 5000 рублга жаздырып, биринчи сынактан 3-орунду алдык. Андан соң ар кайсы иш-чараларга активдүү катышып, кайрымдуулук концерттерди уюштуруп баштадык. 2018-жылы райондук сынактан 1-орунду, шаардык сынактан 1-орунду, облустук сынактан 2-орунду алып, 140 лауреаттын ичинен 16 команда болуп гала-концертке чыктык. Анда жалын бийин бийлеп, даңкыбыз чыкты.

Акыркы эки жылдан бери Нооруз майрамына арналган иш-чараны кыргыз диаспорасынын катышуусунда өткөрүп жатам. 2019-жылдын 12-апрелинде Екатеринбург шаарында өткөн ЮНЕСКОнун секциясында докладды ийгиликтүү окуганым үчүн Германияга иш сапарга чакырышты. Тилекке каршы, бара алган жокмун.

Былтыр Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган масштабдуу иш-чарага катыштык. Ага Германиядан, ошондой эле Москва, Красногорск, Санкт-Петербург, Сургут, Новосибирск, Красноярск, Ревда, Екатеринбург, Самара шаарларынан мектеп директорлору жана мугалимдер келишти. Мен спикерлик милдетти аткарып, өзүмдүн иш тажрыйбам менен бөлүштүм», - дейт ал.

Ошондой эле мекендешибиз өзүнүн үй-бүлөсү тууралуу дагы айтып берди.

«Мен иштеген мектепте 920 окуучу окуйт. Айлык маянам 30 миңден 40 миң рублга чейин. Жолдошум отставкадагы майор. «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Бул жакта ведомстволук күзөт кызматында иштейт. Бир кыз, үч уулубуз бар. Улуу кызым Уултай 28 жашта, бир кыз, бир уулдун энеси. Кесиби боюнча бухгалтер. Уулум Темирлан 25 жашта, үй-бүлөлүү. Келиним Евгения поликлиникада юрист болуп иштейт. Экинчи уулум Болот 22 жашта, жеке компаниялардын биринде иштейт. Үчүнчү уулум Бакир 6-класста окуйт.

Атам 20 мурун каза болгон. Апам Турусбекова Күлүйпа 40 жыл мектепте мугалим болуп иштеп, «Эл агартуунун отличниги» медалына татыган. Былтыр көзү өтүп кетти.

Келечекте Екатеринбург шаарында маданий борбор ачып, балдарды кыргыз тилинде так сүйлөөгө үйрөтүп, каада-салтыбыздын сакталышына салым кошсом дейм», - деди Эдиса Мамырова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×