Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 05.12.2019 11:48

Чолпон-Атада ветеринардык көзөмөл башкармалыгына жаңы имарат курулууда

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ысык-Көл райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Капсула салуу аземине жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, башкармалыктын кызматкерлери катышты.

Маалым болгондой, долбоордун жалпы суммасы 9 млн 636 миң сомду түздү. Анын 6 млн сому республикалык бюджеттен, ал эми 3 млн сому Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан бөлүндү.

Эки кабатуу имараттын курулушу 2020-жылы аяктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×