Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 03.12.2019 19:06

Ак-Суудагы аялдардын психоневрологиялык жатак мекемесине жардам берилди

Ак-Суу
Ак-Суу

Turmush -  Ак-Суу райондук аялдардын психоневрологиялык жатак мекемесине жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мекемеде республика боюнча ден соолугунан жабыркаган 243 аял бар. Аларга жардам көрсөтүү үчүн 3-декабрда бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кайрымдуу адамдар келишти.

«Бүгүн «Чыгыш электр» ишканасы 30 миң сом жардам көрсөттү. Ак-Суу райондук администрациясы кир жуучу каражаттарды алып келди. Ошондой эле бир катар кайрымдуу адамдар жардам көрсөтүп жатышат. Эң негизгиси алар убактысын бөлүп келгенине ыраазычылык билдиребиз. Мындан тышкары «Боз Салкын» элдик бий ансамбли майрамдык маанай тартуулады», - деди мекеменин жетекчиси Нарынгүл Үсөнбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×