Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.12.2019 17:39

Кумтөр кениндеги окуя: Жоголгон эки кызматкер тууралуу эмне белгилүү?

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Кумтөр алтын кенинин аймагында жоголгон эки адамды издөө иштери улантылып жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 1-декабрь күнү жер көчкү жүргөн. Ошол эле күнү таңкы саат 5:00 чамасында ишкананын 2 кызматкери дайынсыз жоголгон. Издөө иштеринин жүрүшүндө эки унаа табылган.

Жоголгон кызматкердин бири И.Өмүрбек 1984-жылдын 17-июнунда туулган (35 жашта). Тоо кен иштеринин мастери. Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери иштейт. Бишкек шаарынын тургуну.

Экинчи кызматкер Ж.Жолдошбек 1972-жылы 14-июлунда туулган (47 жашта). Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери эмгектенет. Тоң районунун Темир-Канат айылынын тургуну.

Дайынсыз кызматкерлердин үй-бүлөлөрү учурда Кумтөр кенинде. Аларга издөө жана куткаруу иштери боюнча толук маалымат берилип, психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

Жоголгон кызматкерлерди издөө иштерине 56 куткаруучу тартылган. Түнкүсүн атайын техника менен тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Адистердин айтымында, көчкүнүн болжолдуу көлөмү 12 млн 497 миң кубду түзгөн.

ӨКМдин башчысынын орун басары Калыс Ахматовдун маалыматына караганда, көчкүнүн көлөмү чоң болгондуктан издөө иштерине тоскоолдук жаралып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×