Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 03.12.2019 13:52

Тоңдо «Бир адамдан бир китеп» акциясы өттү

Turmush -  Тоң районунун Эшперов айылында «Бир адамдан бир китеп» акциясы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Китепканачы Бегай Акматиеванын айтымында, айылдык китепкана 1956-жылы ачылган. Анда кыргыз жана орус тилиндеги 4829 китеп бар.

«Бир адамдан бир китеп» акциясы китепкананы жаңы китептер менен толуктоо жана окуучуларды, айыл тургундарын китеп окууга үндөө максатында уюштурулуп жатат. Бул акциянын жыйынтыгында 2 миңге жакын китеп чогулду. Акция эми Ак-Сай айылында өткөрүлөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×