Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.12.2019 13:14 На русском

Кумтөр кениндеги окуя: Эки кызматкер жоголгон жердин картасы

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Кумтөр алтын кенинин аймагында жоголгон эки адамды издөө иштери улантылып жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 1-декабрь күнү жер көчкү жүргөн. Ошол эле күнү таңкы саат 5:00 чамасында ишкананын 2 кызматкери дайынсыз жоголгон. Издөө иштеринин жүрүшүндө эки унаа табылган.

3-декабрда саат 09:30га карата жоголгон кызматкерлер табылган эмес. Издөө иштерине 56 куткаруучу тартылган. Түнкүсүн атайын техника менен тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Схема участка месторождения «Кумтор», где сошел оползень с отвала.

Адистердин айтымында, көчкүнүн болжолдуу көлөмү 12 млн 497 миң кубду түзгөн.

Жоголгон кызматкерлер: 1984-жылы туулган жумушчу (мастер) И.О. жана бульдозердун 1972-жылы туулган айдоочусу Ж.Ж.. Алар түнкү нөөмөттө иштеп жатышкан.

ӨКМдин башчысынын орун басары Калыс Ахматовдун маалыматына караганда, көчкүнүн көлөмү чоң болгондуктан издөө иштерине тоскоолдук жаралып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×