Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.12.2019 12:42

Сүрөт — Түптө Манас күнү белгиленди

Turmush -  Түп районунда 2013-жылдын 4-декабрында «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилгенине карата маданий иш-чара өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алгач Түп айылынан Каракол шаарына чыга бериштеги жаңы конушка манасчы Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдык мааракесине арналып тургузулган стеланын ачылышы болду. Ага акимдин биринчи орун басары Д.Сатаров, манасчылар, Уркаш Мамбеталиевдин үй-бүлөсү жана жердештери, замандаштары катышты.

Андан кийин «Манас — улуу мурас» аттуу иш-чара «Манас» эпосунан үзүндү, театралдык көргөзүү менен башталды. Төкмө акындардын айтышынан кийин «Манас менен Саякбай» ыры, «Таң булбулу» комузчулар күүсү жаңырды. Түп райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Жаныманова аткарылган иштер тууралуу маалыматты видео-слайддын коштоосу менен айтып берди.

Акимдин орун басары Д.Сатаров куттуктагандан кийин 4 адамга «Түп районунун ардактуу атуулу», 5 адамга «Кадырлуу эмгек каарманы» наамдары, 7 адамга ардак грамота менен ыраазычылык каттары жана 5 адамга баалуу белектер тапшырылды.

Аларды «КРнын саламаттыкты сактоонун отличниги», аскер дарыгери, композитор Муканаалы Сыдыков, Балдар адабиятынын башкы сүрөтчүсү, маданияттын мыктысы, мамлекеттик желектин автору Бекбосун Жайчыбеков, белгилүү спортчу, Бишкектеги Спорт ордосунун директору Канат Шабданбаев жана манасчы, манас изилдөөчү Талантаалы Бакчиев, Уркаш Мамбеталиевдин кызы Гүлбарчын Мамбеталиева куттукташты. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

4-декабрь — Манас күнү болуп өкмөт тарабынан 2015-жылдын 27-апрелинде жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×