Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.12.2019 09:44

Жеңиш Сатыбалдиев Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды (өмүр баяны)

Жеңишбек Сатыбалдиев
Жеңишбек Сатыбалдиев

Turmush -  Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 41 жаштагы Сатыбалдиев Жеңиш Болотович шайланды. Бул тууралуу БШКнын системдик адиси Бектемир Капашов билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн башчысы кызматына бир талапкер катталган. Шайлоого жергиликтүү кеңештин 19 депутаты катышты. Ж.Сатыбалдиев 18 добуш алып, 1 добуш жараксыз деп табылды.

«Шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу үчүн тиешелүү иш кагаздар БШКга жөнөтүлдү. Ал жактан токтом чыкса, Ж.Сатыбалдиев кызматка киришет», - деди Б.Капашев.

Түп айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Алманбет Асакеев үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кызмат ордунан бошотуу тууралуу арызы канааттандырылгандан кийин шайлоо ушул жылдын 2-декабрына белгиленген.

Жеңишбек Сатыбалиев 1978-жылы Түп айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 кыз, бир уулдун атасы. Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

- 2001-2003-жылдары — Түп райондук мамлекеттик салык кызматында инспектор;

- 2004-2009-жылдары — Бирлик орто мектебинде информатика мугалими;

- 2012-жылы — Түп айыл өкмөтүнө караштуу Бирлик айылынын башчысы;

- 2016-жылдан бери — Түп айылдык кеңешинин депутаты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×