Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.12.2019 23:00

Ак-Сууда баңгизаттарды таратууга каршы атайын топ түзүлдү

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында психоактивдүү заттардын жана баңгизаттардын таратылышына каршы атайын топ (коалиция) түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Түзүлгөн топ айылда тургундарга баңгизаттардын жана психоактивдүү заттардын зыяны тууралуу маалымат беришип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Негизги максаты — мектеп окуучуларын жаман адаттардан алыс болууга үндөө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×