Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Талас облусуТалас району 02.12.2019 19:40

Айыл турмушу: Н.Өмүрзаков асыл тукум жылкыларды багып, кымбат баага сатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Калба айылынын 50 жаштагы тургуну Нурлан Өмүрзаков таза кандуу күлүктөрдү багып келет. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.

Анын айтымында, бала кезинен эле күлүк аттарга кызыгат.

«Атам тирүү кезинде Казабай деген чоң атабыз күлүк бакчу. Ошол чоң атабыз биздин үй-бүлөгө күлүк тай берген. Аны багып, жылкы баласын көбөйтүп алганбыз. Ал кезде биз жаш болуп, күлүгүбүздү башка балдарга чаптырдык. Байгелерге ээ болуп жүрдү. 1988-жылы Азербайжанда аскердик кызматымды өтөп келип, коңшу айылдан белгилүү күлүк айгырдын кулунун сатып алдым. Аны багып, өзүм чаап жүрдүм. Ортодон ден соолугума байланыштуу жылкы баласын бакпай калгам. Жылкы баласына жакын болгонум мени тынч отургузган жок. Балдарым чоңоюп калды деп акыркы 5 жылдан бери күлүктөрдү багып калдым. Азыркы кезде орус тукумундагы бээлер, тайлар, айгырлар бар. 4000 долларга Чолпон-Атадан бээ сатып келгем. Анын кулунун быйыл Оштогу туугандар 3000 долларга сатып кетишти. Саткыла деп көптөр келишет. 2000 доллардын тегерегинде 2 бээ сатылды. Кулундар облустарга сатылып жатты. Быйыл Токтогулга саткан күлүгүбүздүн ээси «ат жарышта биринчи келди» деп рахматын айткан. Сатып алганда, сатканда ата-тектерин тактайбыз.

Аталарыбыз «жылкы баласы бар үйдө жакшылык болот» деп айтчу. Маңдайынан сылап, анын мүнөзүн жакындан билүү чоң кубаныч. Азыр эл дагы малдын санына эмес, сапатына карап калышты. Мен дагы жылкынын асылдуулугун колго алып, көбөйтүүнү максат кылып келем. Жылкыларды жаш баладан дагы артык көрүп бапестеп багабыз (күлүп). Кулундарын чоңойгончо жетелеп карайбыз. Ушул жаз айында чабыла турган күлүктөр даярдалып жатат. Ветеринарга ар биринин ден соолугун текшертип турабыз. Тоюттарын жайлай камдап алабыз. Күнүгө кечкисин сабиз беребиз», - деди ал.

Нурлан саяпкер 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×