Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.12.2019 17:00

Сүрөт — Караколдо кышкы туристтик сезон ачылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда расмий түрдө кышкы туристтик сезон ачылды, деп билдирет айматтык кабарчы.

Ачылыш аземге Орусия, Казакстан, Ѳзбекстан, Жаӊы Зеландиядан жана Европа өлкөлөрүнөн келген жана жергиликтүү лыжа сүйүүчүлөр катышты. Иш-чаранын алкагында спорттук оюндар, жарыштар, викториналар уюштурулуп, лыжа сүйүүчүлөргө кар алдына катылган атайын белектер ыйгарылды.

«Каракол» тоо лыжа базасынын өкүлү Татьяна Смирнова быйыл сезон кеч башталганын билдирди.

«Быйыл аба ырайына байланыштуу кышкы туристтик сезон жылдагыдан кеч башталды. Кар өтө көп өлчөмдө болбосо да, биз сезондун ачылышына жасалма ыкма аркылуу канаттык жолдорду даярдоого үлгүрдүк. Бул учурга чейин лыжа базага КМШ өлкөлөрүнөн коноктор көп келсе, өткөн жылдан бери басымдуусун жергиликтүүлөр түзүп жатат. Лыжа сүйүүчүлөрдүн саны өсүп, бара-бара өлкө ичинде спорттун бул түрү өнүгөт деген ойдобуз. Жергиликтүү бийликтин жетекчилери же жеке ишкерлер тоого келчү жолду жасап берүүгө көмөктөшсө, кышкы туризм мындан ары дагы өнүгөт деген ойдобуз», - деди Т.Смирнова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×